118 кызматы эми күнү-түнү иштеп баштайт. Аларга кайсы учурда чалуу керек?

Коронавирус боюнча ыкчам маалымат кызматы болгон 118 номурунун операторлору эми күнү-түнү иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта бардык чалуулар акысыз болору белгиленет.

"Бир сутка аралыгында аталган кызматка 1961 кайрылуу болгон. Анда жарандар медициналык консультациялык жардам алып, саламаттыкты текшерүү үчүн иштелип чыккан атайын анкетаны толтурушкан. 118 колл-борборуна төмөндөгүдөй жагдайларда чалуу керектигин эскертебиз:

  • Акыркы 30 күндүн ичинде чет жактан келгендер;
  • Өлкөнүн эпидемиологиялык абалы жакшы болбогон аймактарында болгондор;
  • COVID-19 менен жабыркаган адам менен тыгыз байланышта болгондор;
  • Обсервациялык жайларда жана үй карантининде болгондор;
  • Дене табы жогорулап, жөтөлүп, дем алуусу начарласа.

Бул учурда 118 кызматынын операторлору сизге кийинки кадамдарыңыз тууралуу консультация беришет. Кырдаалга жараша медицина кызматкерлеринен турган мобилдик бригада үйүңүзгө келип, ошол жерден эле сизден экспресс-скрининг жүргүзүшөт. Бардык кызматтар акысыз. Учурда мобилдүү бригадалардын саны көбөйтүлдү. Жардам бардыгы үчүн жеткиликтүү болот", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин жарандар арасында 118 номуруна байланыша албай жаткандар көп болуп жатканы маалымдалган. Анда Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова чалуулар абдан көп келип, линия бошобой калып жатканын билдирген.





.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-06-24 07:31:57
Биз чалсак күтө тургула, тез жардам 2 сутканын ичинде барып калат дейт го! Өтө тез жардам бар экен е.т!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан