Бет капсыз, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды

Бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпы 28 чиновникке айып пул салынды. Анын ичинде өкмөт башчы Кубатбек Боронов, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьер-министрлер бар.

17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда өкмөт мүчөлөрү бет кап тагынбай, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн.

19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков медиктердин талаптарын бузган өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Muslim_KGstana.
2020-06-23 16:28:06
Сокеге дагы штрафф жазгыла сразу анда

Коронавирус дегенден бери маска тагынганын коргон жокмун,люббой жерде,эл коп чогулган жерде деле аралыкты сактабай маскасы жок журот.
+4
Alixan-Nookat.2015
2020-06-23 16:34:36
Ар бирине 140 миң сомдон болсо жакшы, баарына биригип 140 миң болсо аз.
+3
tular
2020-06-23 16:42:26
Булар төлөмөк беле? Оң чөнтөктөн алып сол чөнтөккө салгандай эле болуптур да?!
+4
algakaray
2020-06-23 16:49:42
Тологондон кийин чегин коргозгуло!
+6
Gospozhatsetok
2020-06-23 18:59:52
140мин слишком эмеспи. Озу го эч ким деле толобойт, хотя 5000мин кылсанар деле болмок экен. Килейген Россияда 4000 чейин
-1
gitaris93
2020-06-23 21:29:23
Gospozhatsetok,сага жетпептир баарына биригип 140 миң 1000 же 1200 дөн туура келет ар бирине буларга 12 сомдой эле, аны да өз чөнтөгүнөн эмес элди тоноп элдин чөнтөгүнөн төлөйт. Негизи ар бирине 5 миң кылыш керек эле
0
Gospozhatsetok
2020-06-24 04:13:34
gitaris93,Ооба, мен шашып окуп кетипмин сорри ээми жетти.Баары бир булардын толошуно эч эле көзум жетпейт
0
gukush00
2020-06-23 21:44:16
Ал штрафов дагы биз толойбуз да
0
Adi010891
2020-06-25 00:46:32
Суудан алып сууга кошту, бозочунун неси кетти дегендей эле кеп экенда бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан