Өткөн суткада 28 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 7;
Чүй облусу – 5;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 6;
Талас облусу – 2.
Республика боюнча 2 миң 82 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.