"Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан". Сүлүктүдөгү шахтада төрт адамдын өмүрүн алган окуя боюнча тергөө амалдары башталды

Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында каза болгон маркумдардын жакындарынан Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров кабар алып, алардын жакындарына көңүл айтып, материалдык жардамдарды көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркумдардын жакындарынын айтымында, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал жандыктарын издеп, үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жоголгон малдарын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышканы айтылууда. Бул окуя боюнча алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуя орун алган “Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасы буга чейин мыйзамдуу түрдө иштеп келген. Азыркы учурда ишмердүүлүгүн токтоткон.

Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, бул жагдай боюнча түзүлгөн атайын комиссия көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларын сактабагандыгы боюнча маселелерди карап жатат. Каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү облустук өкүлчүлүк тарабынан да жардам берилет.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-июнда Лейлек районунун аймагында жайгашкан “Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза болгону кабарланган. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-06-24 13:13:17
Мал кантип эле шахтага кирип кеткен болот. Мал деген от, чөп өскөн талааларда жүргөн болотта
+1
bond02
2020-06-24 15:12:41
Комур кендин башчысынын ойлоп тапканы болсо керек, же Сулуктудо малдар комур жейби.
+1
Asyl.jazi
2020-06-24 23:26:43
bond02,уйуну издеп кирген дешет. Ал киши чыкпагандан кийин калгандары да артынан кирип ууланган деп жатат. Шахтаны эптеп эле жаап коюшуптур. Ишин тоткондон кийин талаптагыдай аткарган эмес.
0
molorbaev
2020-06-24 22:16:15
Ото эле жаман иш болуптур го. Бир уй-булонун 4 мучосу каза болсо...
0
Safiya91
2020-06-24 23:44:12
Жайы жаннаттан болсун. Аллах сабыр берсин жакындарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан