Акыйкатчы институтунун дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирус табылган кызматкер институттун бөлүмдөрүнүн биринин инспектору. Учурда ал өз алдынча обочолонууга алынган.
Кечээ, 23-июнда Акыйкатчы институтунун бөлүм башчыларынын биринен коронавирус табылганы маалымдалган.