Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-июнда Москва шаарына иш сапары менен барган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышмак.
Сооронбай Жээнбеков парадга катышуу үчүн бет кап тагынып, Кремлге келгенин көрүүгө болот. Бирок парадга катышуу үчүн келген башка өлкөнүн президенттеринин катарында көрүнгөн жок.
Бул боюнча президенттик аппараттын басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.