Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлеринин биринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координаторуна байланышканда билдирди.
Ага ылайык, төрөткана бүгүн, эртең дезинфекция иштери үчүн жабык болот.
"Бир дарыгерден COVID-19 илдети табылгандан кийин андагы кызматкерлердин баарынан ПЦР-анализдер алынды, азыр баарынын эле анализдери таза чыгып жатат. Оору жуктуруп алган дарыгер дарыланууда, ал эми калгандары обочолонуу үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ооруга чалдыккан кызматкердин байланышта болгон адамдарынын баары аныкталып, анализ тапшырышты, чогуу бир бөлмөдө отургандар 14 күнгө карантинге алынды. Бүгүн, эртең төрөт бөлүмүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт", - деди ал.
Анда белгиленгендей, облустук төрөт бөлүмү иштегенге чейин райондордогу төрөтканалар энелерди кабыл алат.