"Нур Телекомдун" 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды

О! уюлдук операторунун 4 кызматкеринен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу аталган компаниядан маалымдашты.

Анда жазылгандай, оору аныкталган кызматкерлер учурда обочолонууда.

"Бекитилген алгоритмдин негизинде бардык тиешелүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Алар менен байланышта болгондор аныкталып, анализ тапшырышууда. Күн сайын имаратты дезинфекциялоо боюнча иштер жүрүүдө. Карантиндин башынан тартып эле компаниянын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүшкөн. Ал эми Сатуу жана тейлөө борборлорундагы кызматкерлер зарыл болгон бардык коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Буга чейин үйүндө иштеп жаткан бир кызматкерден оору аныкталган болчу, бирок ал айыгып үйүнө чыгарылган", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин MegaCom жана Билайн байланыш операторлорунун кызматкерлеринен дагы коронавирус аныкталганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан