Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Маалыматты бүгүн, 24-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2-июнда болжол менен таңкы саат 05:55 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 3-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанында белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барышып, болжол менен 50-55 жаш чамасындагы кебетеси азиялык болгон жарандын киши колдуу каза болгондугун аныкташкан.
Көрүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү делинген жаран 5-кичи райондон кармалган. Шектүү 1974-жылы туулган К.Э. экени аныкталып, Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене ("киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деди мекеменин басма сөз өкүлү.