Токтогул районунда сел жүрүп, чарбалык жолдорду суу каптады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду суу каптады. Анын кесепетинен транспорттордун каттоосуна кыйынчылыктар жаралган дешти ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-июнда саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100 метрин суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн ички чарбалык жолунун 200 метрин суу каптап, жол каттамы унаалардын кыймылына кыйынчылык жаратты. Жерине райондук бөлүмдүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Селдин кесепетинен турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Кошумча маалымат берилет дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан