Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кырсыктын кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар жок деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.