"Тазалык" муниципалдык ишканасынын мурунку директору Т.К. ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда 2019-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасы 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталганы айтылат. Бирок Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.
Тактап айтканда, 2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 миң 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облусунун аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген.
Эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1 миллион 66 миң 100 сомду түзгөн.
Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул боюнча Бишкек мэриясы дагы маалымат таратып, "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Таалай Казакпаев кармалганын билдирген.
Буга чейин, ушул жылдын 8-февралында ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. дагы УКМК тарабынан кармалган.