Интернетке бир нече киши катышкан мушташтын видеосу тарады. Алардын сөздөрүнөн жер тилкеси жөнүндө чыр болуп жатканын түшүнүүгө болот. "Менин жерим бул, Дайырдан сура" деген мушташкандардын бири.
Уруш учурунда эркектер өз ара мушташа кетишкен. Алардын арасында аял кишинин да жүргөнү көрүнөт. Негизинен жаңжалда бир тараптан 2, экинчи тараптан 1 киши мушташкан. Калгандары ортого түшүп жүрүшкөн. Видеонун соңунда мушташкан эркек кишинин бири келип, четте жүргөн аялды түртүп, ал жыгылып отуруп калганда жерге жаткыра тепкен.
Талкуу жараткан бул видео боюнча биз Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына кайрылганыбызда, окуя Аламүдүн районунун Адилет конушунда болгонун билдиришти. Ал эми бул район караган Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуядан кабары бар экенин, ушул тапта анын чоо-жайы боюнча маалыматтар топтолуп жатканын, алдыда маалымат берилерин билдиришти.
ЭСКЕРТҮҮ: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.