Алдыда бара жаткан унааны, андан кийин бакты сүзгөн. Бишкекте катталган жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, андан эки жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Маалыматты Патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Автокырсык кечээ, 28-июнда саат 19:00 чамасында Ж.Абдрахманов кең көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде катталган.

"Анда БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Ист унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 2 жаран жаракат алган. Жабыркагандардын бири аял киши. Эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деди маалымат катчы.

Кырсык катталган учур видеобайкоого жазылып калган. Андан бир унаа экинчи унааны сүзүп, андан ары жолдун четиндеги бакты сүзгөнүн көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AidaKurman
2020-07-01 09:42:02
Кудайым озу сактасын. Биздин копчулук жигиттерден айланса болот. Машиналарын токтотуп чуркап барышат жардамга. Тез жардам келгиче канча жардам корсотушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан