Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы баланын жансыз денеси Өзбекстандан табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Маалыматты бүгүн, 29-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

14-июнь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен. Баланын туугандары ыраазычылык кат жазышып, издөө иш-чаралары 17-июнда токтотулганы министрлик тарабынан маалымдалган.

"28-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып, маркум жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан