Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери каза болду. Өлүмүнүн себеби пневмония экени айтылууда

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов каза болду. Ал буга чейин видео тартып, коронавирус илдети коркунучтуу экенин айткан.

Маалыматты тактоо үчүн Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, кызматкердин каза болгонун ырасташты.

"Анын коронавирустан каза болгону же өлүмүнүн себеби башка экени боюнча азырынча расмий маалымат жок. Биз дагы дарыгерлердин жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Ал эми Ленин РИИБинин маалымат кызматынан "алдын ала маалыматка ылайык, кесиптешибиз пневмониядан каза болду", - дешти.

Ленин РИИБинин кызматкери каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kuban-1207
2020-06-29 14:42:50
Пневномияга шылтай беришет
+3
kechirmeni
2020-06-29 14:45:52
Негизи ковид менен параллельно эле кучтуу оору журуп жатат, пневманиябы же башкабы билбейм адамдар олуп атат, анализ тапшырса таза чыгып атат, бирок тез эле кайтыш болуп калып атышат
+4
kechirmeni
2020-06-29 14:49:41
kechirmeni,же биздин аппараттар таза чыгарып коюп атты бекен
+3
alym21
2020-06-29 15:22:23
kechirmeni,туура айтасыз,абдан коп тааныштарым ооруп жатышат,грипп десен гриппке окшошпойт
+1
Nestana95
2020-06-29 15:42:58
alym21,биз да ооруп жатабыз,грипп дейин десек башкача,,,,,,
0
Aika1988
2020-06-29 15:22:33
kechirmeni,адамдын жүрөгүн түшүрдунор го вирустан коркуп атсак бул маалымат кошумча болду го
0
Accord.396
2020-06-29 15:47:00
Aika1988,олумдон коркпо олумго даяр бол эртеби кечпи баары бир келет
+2
kechirmeni
2020-06-29 16:00:31
Aika1988,ооба корко турган нерсе бирок чындык, себеби коп адамдарды уктум, оорунун белгилери ковидге окшош,анализдерин 2-3 жолудан тапшырышкан бирок таза чыккан, бирок кайтыш болуп кетишти
0
Shef87
2020-06-29 16:20:29
Кудай сактай көр бул вирус кууратмай болду го ээ ишенбегендер эсинерге келгилее
+2
aydinnur
2020-06-29 20:06:50
Айыгып кетсин!
0
jigit.paren
2020-06-30 07:37:27
Ооба чынында ооруп эле жатабыз мисалы мен деле жөтөлүп опком ооруп жатат, 118ге чалсам келишти текшеришти таза чыктым. Гриппке окшошпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан