Буга чейин социалдык тармактарга белгисиз адамдар бир жигитти жана анын жанындагы аялды уруп жаткан видео тараган. Аталган окуя интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан болчу. Анда эркек киши аялды жыгылта түртүп, жерге жаткыра тепкен.
Учурда жабыр тарткан Шайыр Батыралиева ооруканада жатат. Ал абалы тууралуу айтып, окуянын чоо-жайына токтолду.
“Бизде мындай ызы-чуу он жылдан бери эле болуп келет. Такталбаган жер тилкесин 2007-жылдары сатып алганбыз, кийин бир белгисиз адамдар келип, талаша баштады. Алар менен деле эч кандай тааныштыгыбыз жок.
26-июнь күнү балам жерди алабыз деп жатышат деп эле жөнөп кетти, мен артынан барсам, топтошкон балдар аны сабап жаткан экен. Мен видеого тартып, сотко берем койгула десем эле мени кошо уруп киришти. Ары жакта ойноп жүргөн балдар видеого тартып алып, интернетке тарап кетиптир. Учурда жардам беребиз деп көп эл колдоо көрсөтүп жатышат, ыраазымын”, - дейт Шайыр Батыралиева.
Ал эми аталган окуя боюнча шектүү катары 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. аттуу жарандар кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева билдирген болчу.
"Ал бала өзү, ата-энеси, туугандары менен мага келип кечирим сурашты, мен тосмо арыз жазып бердим. Алар тараптан дары-дармекке жардам болду", - деп кошумчалады Батыралиева.
ЭСКЕРТҮҮ: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.