Бүгүн таңда "Манас" аэропортунун аймагындагы жол кырсыгынан көз жумган 2 адам тең спорт чеберлери болушкан

Бүгүн, 30-июнда "Манас" аэропортунун аймагында жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кеткендиги маалымдалган. Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынан бул кырсыктын кесепетинен СССРдин спорт чебери Илья Сидоров жана Кыргыз өлкөсүнүн спорт чебери Евгений Требунский каза болгонун билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, алар бүгүн таңда "Манас" аэропортуна бараткан жолдо велосипед менен бара жатышкан.

"Бул учурда жогорку ылдамдыкта келген унаа аларды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Илья Сидоров окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми Евгений Требунскийди "Тез жардам" менен ооруканага алып бара жатышканда каза болгон.

Эки спортчу тең мурда велосипед-спорту менен алектенишкен. СССР учурунда жана Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан кийинки жылдарда көптөгөн байгелерге ээ болушкан. Евгений Требунский Триатлон федерациясынын түптөлүшүнө өзүнүн чоң салымын кошкон, дайыма кеп-кеңешин айтып келген. Мындан тышкары уюштуруу иштерине, мелдештерге калыстык кылууга активдүү катышкан. 2018-жылы дуатлон боюнча өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген. Илья Сидоров федерациянын мүчөсү болчу, ал Indoor Triathlon'дун кышкы сезонуна катышып турган. Эки спортчу тең спорт менен кызуу алектенип, машыгуу менен өсүп келе жаткан муунга үлгү болду.

Евгений Требунский 44 жашта болсо, Илья Сидоров 46 жашта болчу. Триатлон федерациясы каза болгон 2 спортчунун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ainura220888
2020-06-30 23:15:35
Жапжаш экен. Бири 1976, бири 1974- жылкы экенда. Жапжаш! Кыргызстанга канча салым кошкон. Бир кок мээ сузуп кетида акшындап опкосун колтуктап баратып
+22
gulmi
2020-06-30 23:48:06
Жолдо жургон айбандар!Бироонун атасын,баласын олтурдунор!Штрафты которуш керек!
+12
Kyrgyz_bloger
2020-07-01 00:05:35
Машинаны начар айдаган правиланы билбеген коптогон айдоочулар велосипед тепкендерди куноолошот,реально экзамень алса 80 пайызынын правасын алып койсо болот.
+11
Nur777
2020-07-01 00:27:08
Сузуп кеткен айдоочу мас абалында болгон экен,качан бизде айдоочуларга катуу козомол болот?!
Спортчулардын жаткан жерлери жайлуу болсун.
Пусть земля будет пухом.
+11
Aliar1
2020-07-01 02:15:07
Куноонун баары права берген жерде жол эрежесин билеби билбейби уруп ойнобойт акча беришсе болду баарын беришет.Корупция менен курошкондор мына ошол жерде жатат иштин баары козунор кор болуп кулагынар кенен болуп жатса.Озунор корупциянерсинерда долянарды алып текшербейсинер
+6
algakaray
2020-07-01 09:36:44
Велосипед тебуу жолдун жээгинде айабай эле кооптуу бизде
+4
KaGaH
2020-07-02 04:04:59
Кыргыздар дтп болуп,бири бирин сүзүп эле кырылып жатышат,1990 жылдары биз бала кезде авария болуп өлдү деген чанда гана болчу,азыр күн алыс адам өмүрүн алган авариялар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан