Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 киши (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөнү такталууда) каза болуп, 2 эркек киши (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.
ӨКМнын куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы райондук ооруканага жеткирген.