Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай троллейбустук түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен мотоциклдин жүргүнчүсү жаракат алды

Бүгүн, 1-июлда Манас кең көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жеңил унаа троллейбустук түркүктү сүзгөн. Буга байланыштуу №5, №11, №14 номурдагы троллейбустардын каттамы түндүк тарапка убактылуу жүрбөй турарын шаардык мэриядан билдиришкен.

Патрулдук милициянын маалымат кызматынан жеңил унаа жараткан кырсыктын кесепетинен мотоциклдин жүргүнчүсү жабыркаганын билдиришти.

"Жеңил унаанын айдоочусу Манас кең көчөсү менен бара жатып рулду башкара албай, экинчи тилкеге чыгып кеткен. Ал троллейбустук түркүктү сүзүп токтогондо, түркүк унаанын үстүнө түшкөн. Ал эми түркүктүн электр чубалгылары жолдогу мотоциклдин айдоочусу менен анын жүргүнчүсүнө түшкөн. Анын кесепетинен жүргүнчү аял жабыркаган. Жабырлануучунун абалы тууралуу азырынча маалымат жок. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат" , - деди мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан