Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарында пневмония илдети менен 746 бейтап күрөшүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде "Ганси" госпиталында жаткан 13 бейтап пневмониядан каза болду.
"Учурда борбор калаанын медициналык жайларында жалпы 746 бейтап пневмония менен күрөшүп жатат. Анын ичинен 217 бейтаптын абалы начар, дагы 79 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Ушул жылдын март айынан бери өлкөдө пневмониядан жалпы 80 киши көз жумду", - дешти мекемеден.