Москва районуна караштуу Петровка айылындагы №8 мекеменин башкы тосмосунан баңгизатын өткөрүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, колониянын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1973-жылы туулган А.Г. аттуу жаран кармалганы маалымдалат. Кармоо учурунда анын жанынан курамындагы боз-жашыл түстөгү эки желим бөтөлкөгө салынган кара куурай табылган. Алардын болжолдуу салмагы 650 граммды түзгөн.
Кармалган адам жана далил буюмдар тергөө жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Москва районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.