Кара-Балтадагы сарайдан өрт чыгып, 550 балапан тирүүлөй күйүп кетти

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана ичинде 550 балапан күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда көп кабаттуу үйдүн жанында токтоп турган Фольксваген Транспортёр жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Москва районунун Беловодский айылында 50 сотых арпа талаасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара тилкесинде 4 сотых куураган чөп жана 8 түп бак күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-07-02 12:40:16
Эмненин балапаны?
+3
Nurislam-Nuraiym
2020-07-02 13:24:20
Аа жаман болуптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан