Сузакта күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөк асып, бетине чапкылаган окуя боюнча жүрүп жаткан соттук иши соңуна чыкты. Анда айыпталуучу эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотулган. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Сузак райондук сотунун 2020-жылдын 2-июлундагы өкүмү менен жабырлануучунун берген тосмо арызын, пробация органдын берген баяндамасын эске алып, Б.З. аттуу айыпталуучу Жазык кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту ("уруп-согуп кыйноо") менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Айыпталуучу Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде 2 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотулган.
Пробация - Айыпталып жаткан жана күнөөлүү деп табылган адамдын сыноо мөөнөткө эркиндикке бошотулушу. Аларды атайын органдар көзөмөлдөйт. Кыргыз өлкөсүндө пробация укук бузууларды жасоосунун алдын алууга, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган программа катары колдонулуп келет.
Айыпталуучуга карата тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин бөгөт коюу чарасы катары үй камак түрү тандалсын деп көрсөтүлгөн.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.