Депутат Жылдыз Мусабекова ооруп жатканын айтып, элдик штабдан жардам сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова ооруп жаткандагы видеосун жарыялап, элдик ыктыярдуу штабдан жардам сурады. Өзүнүн билдирүүсүндө ал "таба кылбаңыздар, күлбөңүздөр, жардамыңар керек" деп жазган. Ошондой эле 4-5 күн ооруп, өз алдынча дарылануу аракетин көргөнүн, абалы жакшы болуп калгандай сезилгенин белгилеген.

"Бирок бүгүн такыр тура албай калыптырмын, башым, сөөктөрүм ооруп жатат, бутка туруп басышым да кыйын. "Тез жардамга" чалып чакырсак келишкен жок, өзүм медпунктка бара албайм. Кыздарым жакынкы менчик клиникага барып, укол сайып бергиле деп суранышса баш тартышыптыр. Азыр медиктер деле үйгө келгенден коркуп калышыптыр. Элдик штабдарда дарыгерлер болсо айтыңыздарчы, келип жардам көрсөтүшсө", - деген ал.

Көп өтпөй Индира Куралбекова аттуу интернет колдонуучу: "Биз алгачкы жардамды эл өкүлү Жылдыз Мусабековага көрсөттүк. Абалы бир аз жакшы болуп калгандай болду. Катарыбызга Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик медицина бөлүмүнүн башчысы, врач-хирург Улук Исмаилов кошулду. Калың журт карайлап турганда кызмат кылганга даярмын деп байланышты. Ыраазычылык билдиребиз.
Ынтымак менен жеңебиз. Дарыгерлерди урушпаңыздар, алар жетишпей жатышат", - деп жазган.

Депутат Жылдыз Мусабекова ооруга кабылганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aydinnur
2020-07-02 22:19:50
Кудайдан болуп,айыгып кетиниз эжекеси!Ооруп жаткан адамды табалап,кулгондор,алар бизден эмес,мусулманмын же жон эле журогу таза адаммын дегендерден эмес..Тилекке каршы андайлар кобойо баштаганы чындык,раматылык Элмикемди"какой то чувак"деген баланын муундагыларынан.
0
Tymar
2020-07-02 22:44:30
Жакшы болуп кетиниз. Тенирим сизге ден соолук берсин. Жараткан Тенирден бата тилеп, жакшылыктарды сураналык.
-6
talaa11
2020-07-02 22:54:05
Сакайып кетиниз сизге ден-соолук каалайм эжеке бар болунуз. Убагында элдин талкуусуна кызуу эле тушкон элениз журналистти он эркеке салып берем деп
+11
J1irg
2020-07-02 23:01:04
Ушул эки жаш жигитке, кызга ыраазычылык. Дайым ушундай кыздарды Тенир озу колдоп журсун.
-2
pero5184
2020-07-03 00:07:19
Айыгып кетишсин баары.Эч ким оорубасын.
-1
aslonur
2020-07-03 07:02:05
Албетте баардык эле мусулман бир туугандарыбызга дуа кылабыз Аллахым өзү берген дартына өзү шыпаасын берсин дейбиз
+2
tular
2020-07-03 09:06:11
Өздөрүнүн башына түшкөндө гана жон териси менен билишпесе бул чимкириктериң, элдин акыбалын билишпейт да, уккулары да келишпейт!!!
+10
Arman007
2020-07-03 13:52:33
Айыгып кетиниз балдарыныздын бактыга оорубаныз . ар бир уй булого бакыт ден-соолук каалаймын. Жараткан Аллахым озу ар бир Мусулмандарды сактасын
0
komn47
2020-07-07 00:14:58
Тообо кылып кечиримдуу бололу туугандар бул дуйно торт кундук, Баары кудайдын колунда.Сыноо бул, байлык да бийлик да кыпындай эчтемкеге арзыбай калат убакты сааты келгенде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан