Бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдө коронавирис инфекциясы менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк уюмдардан келген жардамдар жөнүндө айтты. Ал негизинен төрт ири долбоорго каражаттар которулганын белгиледи.
1. Дүйнөлүк банктын ERIK долбору 9 миллион долларлык жардам көрсөткөн.
"Долбоор ишке кирген, сатып алууларга жарыя берилген. Ага жасалма дем алдыруучу аппараттар, медициналык зарыл болгон каражаттар, "Тез жардам" унаалары сатып алынат", - деди Исмаилова.
2. Кайрадан эле Дүйнөлүк банк 12 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат санитардык көзөмөл өткөрүү пункттарын сатып алууга, ооруканалардын потенциалын күчөтүүгө, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кечиктирилгис жардам көрсөтүүсү үчүн абалды оңдоого, кошумча керектүү коргоочу каражаттарды сатып алууга жумшалары пландалган. Бул долбоор азыркы убакта Дүйнөлүк банк менен макулдашылды.
3. "Азия өнүктүрүү банкы" 20 миллион доллар жардам көрсөткөн.
"16-июнда долбоорго кол коюлду. Бул акчага жеке коргонуучу, дары-дармек каражаттары, инфекциялык көзөмөлдү камсыздоо каражаттары жана "Тез жардам" унаалары алынат", - дейт вице-премьер.
4. Ислам өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар каралган. Бул боюнча макулдашуу Жогорку Кеңештен ратицикациядан өттү.
"Азырынча жалпысынан жогоруда айтылган каражаттардын 9 миллион доллары гана сатып алууларга жумшалды", - деди Аида Исмаилова.