Арасында медицина тармагында 40 жыл иштеген дарыгерлер бар. Баткенден 20 медицина кызматкери Бишкекке жөнөп кетти

Баткен облусунан 20 медицина кызматкери оорунун очогу болгон Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти. Маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келген медицина кызматкерлери да бар.

Дарыгерлерди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов жана Чынар Саттаровалар узатып, аларга бекем ден соолук, күч кубат каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
u02u02
2020-07-03 16:15:58
Кайтарынарда 20 спецназ алакелгилечи баткенимдин чек арасына, вирустан жаман болгон тажиктерда тойгозду бул жакта.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан