Бүгүн, 2-майда Сузак районунун акими Эрмекбай Омошов жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев онлайн маалымат жыйын берип жатышат.
Анда Сузак районундагы бейтаптардын дээрлик 95 пайызы айыгып, чыгарылганын район акими Эрмекбай Омошов билдирди.
"Дүйнө жүзү күрөшүп жаткан илдет менен биз дагы күрөшүп жатабыз. Кудайга шүгүр деш керек, буга чейин бир топ иш-чаралар жүрдү. Анын негизинде райондогу бейтаптарыбыздын дээрлик 95 пайызы айыгып, үйлөрүнө чыгып кетти десем жаңылышпайм. Себеби Сузак аймактык ооруканасында уюштурулган илдет менен күрөшүү инфекциялык бөлүмүндө илдет жугузгандар калган жок.
Ал эми бир гана облустук инфекциялык бөлүмүндө биздин жарандардын арасында 5 адам дарыланып жатат. Алардын дагы абалы жакшы, жакынкы күндөрү чыгат. Өзүбүз уюштурган обсервацияда бир гана жаран калды", - деди район акими.