UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул тууралуу Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Рамзан Кадыров Абдулманап Нурмагомедовдун жакындарына өзүнүн жана чечен элинин атынан көңүл айтарын билдирген. Ошондой эле Чечен башчысы маркум өзүнүн артынан татыктуу муунду тарбиялаганын, жакшы из калтырып кеткенин айткан.
26-апрелде Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип, ооруканага түшкөн. Анын абалы оор бойдон калып жатканы кабарланган. Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Хабибге атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.
Кийинчерээк мушкер атасы COVID-19ду жеңгенин, бирок инфекциянын кесепеттери Абдулманап Нурмагомедовдун бөйрөгүнө, жүрөгүнө залакасын тийгизип, оор абалда ооруканада жатканын билдирген.