Өлкөдө COVID-19 илдетинен айыккандардын саны бүгүнкү күнгө карата дагы 59 адам менен толукталды. Муну менен илдетти жеңип чыккандардын жалпы саны 2 миң 714 болду.
Бишкек шаары – 37;
Чүй облусу – 3;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 7;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 1.
Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.