Коронавирус илдети бар экенин жакынкы мезгилде эле расмий жарыялаган Тажикстанда белгилүү адамдар илдеттен жабыркап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Алгач өлкөгө белгилүү музыкант, композитор Фарход Зикир өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атасы жана апасы менен бирге вирус жуктуруп алганын айткан. Ал элди медициналык кызматкерлер берген көрсөтмөлөрдү так аткарып, үйдө болууга чакырган.
Ал эми 5-май күнү өлкөнүн "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров Фейсбук баракчасына ооруп жатканын жазган.
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 250гө жакын адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 2 бейтап каза болгон.