Бүгүн, 4-июлда Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттан өрт чыкканы окурман тарабынан маалымдалган.
Өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Байтик Баатыр көчөсүнүн №66 дарегинде жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Имарттан чыккан өрт саат 17:51де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок", - дешти мекемеден.