Ош шаарында пневмония жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Бул боюнча бүгүн, 5-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен өткөргөн жыйында билдирди. Маалыматты шаардык мэриянын басма сөз катчысы кабарлады.
Шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр туруу керектигин айтып, абалы оор, орто жана жеңил абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалуусу керектигин баса белгиледи.
“Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалсын. Абалы жеңил жана орто болгон бейтаптар үчүн да өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон тамчылатма дары алып, дарыгерлерден жардам алышат. Ал эми оор абалдагылар ооруканага жеткирилет. Борборду мен бүгүн кечинде барып текшерем. Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам беришибиз керек”, - деди мэр.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Кыялбек Ташболотов менен санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Салтанат Орозбаева эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришип, абал оорлошуп жаткандыгын билдиришти. Алар кычкылтек концентраторлору жана ИВЛ аппараттарын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканына токтолушту.
Мэр дарыгерлердин резервин түзүү, менчик медициналык клиникаларды да СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырды.
Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борборлордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.