
Соңку 24 саат аралыгында өлкө боюнча 21 миң 91 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен биринчи дозаны 8 миң 653 жаран алса, экинчи доза менен 12 миң 438 адам эмделгенин республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 605 миң 603
адам эмделди.
Өлкөдө коронавируска каршы Синофарм, Спутник-V, Астра Зенека вакциналары колдонулууда. Калкты массалык эмдөө кампаниясы 11-июлда старт алган.