Шопоков шаарындагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды

Шопоков шаарындагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМнын №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмү барып, болжол менен 55-60 жаш курагындагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан