Орусияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 690 миңден ашты

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 368 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 198 адам каза болсо, 9 миң 551 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 629;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 283;

Санкт-Петербург шаарында - 278;

Иркутск облусунда - 245 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 694 миң 230 адамдан коронавирус аныкталды. 10 миң 494 адам каза болсо, 463 миң 880 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан