Ош облусунун Кара-Суу районунда автотранспорт каражатын айдап качканга шектелген жаран кармалды. Маалымат облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
"3-июлда Кара-Суу районунун Фуркат айылынын 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-июль күнү саат 20:30 чамасында белгисиз адам арыздануучунун үйүнө терезе аркылуу кирип, унаанын ачкычын алып, гаражда токтоп турган күмүш түстөгү Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып кеткени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, 4-июль күнү Отуз-Адыр айылынын 1998-жылы туулган Г.А. аттуу тургуну унааны айдап жүргөн жеринен кармалды. Ал оңой акча табуу масатында, ушундай ишке баргандыгын билдирген.
Кылмышка шектүү учурда Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат", - дешти мекемеден.