Социалдык тармактарда Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгер бейтаптарды кабыл албай, ошол жерде иштеген кызматкерлерге көңүл бурбай жатат деген видеолор тарады. Бул ызы-чуу боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
"Азыр көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн, 9-июлда өкмөт башчы аталган окуя боюнча жыйынтык чыгаруу боюнча тапшырма берди. Эртең бул окуя боюнча комиссия маалымат берет", - деди ал.