Ысык-Көлдө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен унаа жолун суу алып кетти (сүрөт)

Бүгүн, 9-июлда Ысык-Көл облусунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен унаа жүрүүчү жолдун бир бөлүгүн суу алып кетти. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тоң районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп кетип, кум-шагылга толгон. Учурда унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, ал жерге 1 ыкчам топ, 1 грейдер, 1 экскаватор иштеп жатат.

Министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Замир Жумагазиев автотранспорт каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатканын билдирди деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан