7 саатта топтошту. Кайрымдуу жарандар Талас облусуна кычкылтек концентраторун жана башка медициналык каражаттарды жөнөтүштү

Пандемия шартында ар тармактын өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар дагы кайрымдуулук жасашып, медициналык жайларды зарыл болгон каражаттар менен камсыз кылууну колго алышты. Жардамдар өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүлүп жатат. Алсак бүгүн, 9-июлда Талас облусуна кайрымдуу мекендештерден чогулган гуманитардык жардам жөнөтүлүп, райондорго таратылды. Бул тууралуу алып баруучу Нурсултан Майназаров тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, облуска 7 кычкылтек концентратору, дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

"Орусиядагы мекендештер кайрымдуулукка кол сунуп, 8500 доллар каражат которушкан. Ошол каражаттын баарына кычкылтек концентраторун алып, өлкөнүн 7 дубанына таратмакпыз. Алынган жабдыктарды аймактарга бөлүштүргөндө 2ден тиет экен. Таласка 2 жабдыкты жиберүү уят деп "ким кандай жардам көрсөтө алат, чогуу жеберели" деген кайрылуу жасадым. Ошентип жардам беребиз дегендер четинен чыга баштады. Кайрымдуулук кылабыз дегендерди бир жерге чакырып, 7 саатта топтолгон каражаттарды облуска жөнөттүк. Буюрса, жакынкы күндөрү Талас облусуна дагы 10 кычкылтек концентратору жөнөтүлөт", - деди ал.

Алып баруучу чет өлкөдө жүргөн мекендештерден каражаттар которулуп жатканын, буюрса, ал акчага медициналык жабдыктар алынып, өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2020-07-09 18:57:52
Молодцы Таластыктар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан