WTI маркасындагы мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-апрелдин кечинде "West Texas Intermediate" (WTI) маркасындагы мунайдын бир баррели дээрлик 100 пайызга кунун жоготту. Тактап айтканда, шейшембиге караган түнү Лондон биржасында 0,01 долларга чейин түшүп, кайра жогорулады.
Буга чейин анын наркы 10 долларга чейин төмөндөп, 1986-жылдын 1-апрелиндеги деңгээлге түшкөн.
Арзандоого коронавирустун кесепетинен улам кара майга суроо-талаптын кескин кыскарып, АКШдагы WTI мунайы сакталган жайлар толуп баратканы себеп болгон. Өндүрүш ыргагы ушул бойдон кала берсе, Оклахома штатындагы Кушинг резервуары май айында толорун маалымат каражаттары мурда жазып чыгышкан.