Ошто 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 9-июль күнү саат 17:54 чамасында Ош шаарынын Бабараимов көчөсүндөгү 11-даректеги турак үйдө өрт чыгып, андан үйдүн 2 бөлмөсү жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн себеби такталууда.