Илон Маск миллиардерлердин тизмесинде Уоррен Баффетти ашып өтүп, 7-катарга жайгашты

Америкалык ишмер Илон Маск дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинде 7-катарды ээледи. Бул көрсөткүч менен ал "Berkshire Hathaway" инвестициялык фондунун башчысы Уоррен Баффетти ашып өттү. Рейтинг "Bloomberg" агенттиги тарабынан түзүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Ага ылайык, жума күнү Илон Масктын кирешеси 6 миллиард 100 миллион долларга өсүп, анын жалпы каражаты 70 миллиард 500 миллион доллар деп бааланган. Буга анын "Tesla" компаниясынын акциясы 11 пайызга өскөнү себеп болгон. Ал эми Уоррен Баффеттин жалпы кирешеси 69 миллиард 200 миллион долларды түзүп, дүйнөлүк рейтингде 10-катарга жайгашты.

Ал эми бул рейтингдеги алдыңкы үчтүккө америкалык "Amazon" корпорациясынын башчысы Жефф Безос (189 миллиард доллар менен), "Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс (116 миллиард доллар) жана Facebook'тун башчысы Марк Цукерберг (93 миллиард доллар) жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Assalomuallekum
2020-07-11 21:54:54
Акча болсо менде ушул
0
assanov97
2020-07-11 23:12:18
Бир кундо 6 млрд
6 млн элдин 3 жылдык акчасы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан