Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында катталган жол кырсыгында жаракат алып ооруканага түшкөн 6, 14, 16 жаштагы балдарга жардам керек. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Анда балдардын ата-энеси жол кырсыгында каза болуп калганы айтылат.
"Урматтуу балыкчылык бир туугандар, сүрөттөгү балдар 2 күн мурда Балыкчы-Кочкор жолунда автокырсыкка кабылып, учурда Балыкчы шаардык ооруканасында жатышат. Азыр 3 бир тууган тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Тилекке каршы, балдардын ата-энеси кырсык болгон жерден жан берген.
Мүмкүн болсо ушул номер аркылуу 9417089457281526 (картага) колубуздан келген жардамды берсек. Же болбосо Тоголок Молдо 27 дарегинде жайгашкан үйүнө барып, жардам берсеңиздер болот. Балдардын чоң энесинин номери 0700 090621", - деп жазылган билдирүүдө.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда каза тапкан үч адам бир үй бүлө мүчөлөрү болгону маалымдалган.