Бүгүн, 12-июлда Нарын облусунун аймагында катталган жер титирөөнүн күчү 4 жарым баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жаратышыл кырсыгынын очогу Нарын аймагында катталган. Жер титирөө эртең мененки саат 06:28де болгону айтылат.
"Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.