Коронавирус айрым өлкөлөрдө токтогону менен кээ бирлеринде вирустук инфекциянын экинчи толкуну жүрүүдө. Түштүк Африка Республикасында (ТАР) вирусту жуктургандардын саны кайрадан өскөндүктөн, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле кечки саат 21:00дөн таңкы 04:00гө чейин коменданттык саат киргизилди.
Өлкө президенти Сирил Рамафостун айтымында, жаңы чектөөлөр саламаттыкты сактоо системиндеги кыйынчылыкты жеңилдетүү үчүн кабыл алынды.
"Бир топ адамдар түнкү кечелерди өткөрүшүп, алкоголго мас болуп алып жатышат. Ошондой эле айрым эл көп чогулган жерлерде да бет капсыз жүргөндөр көп болууда", - деп билдирди өлкө башчы.
Түштүк Африка Республикасы Африка континенти боюнча коронавирустан эң көп жабыркаган өлкө болду. Соңку маалыматтарга ылайык, вирус жуктургандардын саны 276 миңди түзсө, анын 4 миңден ашыгы каза болгон.