"Ухан вирусу": АКШда илдетти жуктургандардын саны 1 жарым миллиондон ашты

20-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 897 миң 492ге жетти. Анын арасынан 1 миллион 688 миң 619 (19-майда картада айыккандар 1 миллион 784 миң 714 деп көрсөтүлгөн) бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 323 миң 285 адам көз жумду.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 528 миң 568 адам катталды. Андан 289 миң 392 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 91 миң 921 адам оорудан каза болду.

Орусияда 299 миң 941 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 76 миң 130 бейтап сакайып, 2 миң 837 адам дүйнө салды.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда 271 миң 885 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 106 миң 794 адам айыкса, каза болгондордун саны 17 миң 983кө жетти.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан