Бүгүн, 14-июлга караган түнү пневмониядан Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин бөлүм башчысы, экономист Абдыкайым Оморов кайтыш болду. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Оморов Абдыкайым Рысбекович 1957-жылы 21-августта Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында жарык дүйнөгө келген.
1974-1979-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда билим алып, 1979-1985-жылдары "Чаткал" совхозунда экономист, башкы экономист кызматтарын аркалаган.
1985-1986-жылдары Жалал-Абад облусундагы "Башкы-Терек" совхозунда башкы экономист болуп иштеген. Кийин бир жылдан ашуун убакыт Чаткал райондук пландоо жана тармактар аралык байланыш бөлүмүн жетектеп, 1987-1991-жылдары "Башкы-Терек" совхозунда директор, улук экономист, башкы экономист болуп эмгектенген.
1995-жылга чейин "Ынтымак" дыйкан чарбасын башкарып, 1998-жылга дейре Чаткал райондук каржы бөлүмүнүн бюджеттик бөлүмүн жетектеген.
1998-1999-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комитетинде эксперт, 1999-2000-жылдары аталган тармактык комитеттин эксперттик тобунун жетекчилик милдетин аткарып, кийин 2005-жылга чейин Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитеттинин эксперти болуп иштеген.
2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары жана бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.
Ал алгылыктуу эмгектери үчүн "Каржы-экономика ишинин мыктысы" (2001-жыл), "Салык кызматынын мыктысы" (2009-жыл), "Мамлекеттик аудит мыктысы" (2016-жыл) төш белгилерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" (2009-жыл), "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл" (2019-жыл) маарекелик медалдарына, "Финансы-экономикага кошкон салымы үчүн" (2014-жыл) медалына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарына (2011-2020-жылдары), өкмөттүн Ардак грамотасына (2015-жыл), КМШ ПАА Кеңешинин Ардак грамотасына (2013-жыл) татыган. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" наамынын (2016-жыл) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын энчилүү саатынын (2015-жыл) ээси. Мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2018-жыл).
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бөлүм башчысы, белгилүү экономист, кыргыз элинин чыныгы уулу Оморов Абдыкайым Рысбековичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
SUPER.KG порталы Абдыкайым Оморовдун көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.