
Австралияда коронавирустан улам жумушсуз калган жаран заматта миллионер болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Аделаида шаарынын тургуну лотерея ойноп, 3 миллион доллардан ашуун каражат утушка ээ болгон.
Эпидемиядан улам жумушунан кеткен шаар тургуну лотерея сатып алган. "Лотереядан каражат утуп алганымды онлайн эсебимди караганда билдим. Ишенбей кайра-кайра текшердим, чын экен. Бул кечинде болгон. Ал убакта жубайым уктап жаткан, мен жакшы кабарымды айтуу үчүн аны ойготтум", - деген миллион доллардын ээси. Ал акчаны турак жай сатып алууга жумшоону мерчемдеп жатканын кошумчалаганы айтылат маалыматта.