Баткен облусунда дарыгерлер сыйланды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун чечими менен, облустун санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бир катар кызматкерлери өкүлдүн “Ардак грамотасы” жана “Алкыш” барагы менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыктарды өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров тапшырып, аталган мекемеде лабороториялык изилдөөлөр менен иштеген 6 кызматкерге 10 миң сомдон тапшырды. Ошондой эле кооптуу илдет менен күрөшүүдө, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, зор жоопкерчилик менен иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча жалпы 355 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-adam
2020-07-14 21:26:32
Алкыш , грамота билбейм кандай жардам берет.Ошончо кыйналып иштеп жатышат. Андан коро акча , условия жагын карашса жакшы болмок.Оздору эле чонтоюн кампайтып .Калп эле кобуртуп жабыртпай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан